12:22, 8-апрель, 2026

Кыргызстандын хоккейчилери Кытай Тайбейине жеңилди

На русском
08:51, 8-апрель, 2026 181

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Болгарияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында алгачкы жеңилүүсүнө дуушар болду.

Экинчи дивизиондун В тайпасындагы командалары арасындагы турнир ушул күндөрү София шаарында 6 команданын катышуусунда өтүүдө.

7-апрелде экинчи турдун беттештери өтүп, кыргызстандыктар Кытай Тайбейинин курама командасына каршы ойноду.

Беттеш Кытай Тайбейинин 5:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. 

Биринчи турда Кыргызстандын курама командасы Болгарияны 5:3 эсебинде уткан.

Үчүнчү турдун беттештери 9-апрелде өтөт, кыргызстандыктар Исландия менен ойнойт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»