АКИpress - 2025-жылы Кыргызстанда 22 миң 340 адамдын кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Бул тууралуу 7-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында Башкы прокуратуранын отчетунда билдирилди.
Маалыматка караганда, аталган адамдардын ичинен 12 миң 851и кылмыш жоопкерчилигине тартылса, 9 миң 489 адамга карата кылмыш иши токтотулган.
Жоопкерчиликке тартылгандардын арасында 2801 аял, 1814 өспүрүм, 412 чет өлкөлүк жаран бар.
Ошондой эле, кылмыштардын мүнөзү боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр белгиленген:
- 263 адам кылмышты топтун курамында жасаган;
- 399 адам мас абалда болгон;
- 37 адам баңгизаттын таасири алдында кылмышка барган.
Мындан сырткары, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын ичинен 105 адам мурда да кылмыш жасагандар экени айтылды.