19:44, 9-апрель, 2026

Өткөн жылы кылмыш жасагандардын 1814ү өспүрүмдөр болгон

На русском
16:14, 7-апрель, 2026 188

АКИpress - 2025-жылы Кыргызстанда 22 миң 340 адамдын кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Бул тууралуу 7-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында Башкы прокуратуранын отчетунда билдирилди.

Маалыматка караганда, аталган адамдардын ичинен 12 миң 851и кылмыш жоопкерчилигине тартылса, 9 миң 489 адамга карата кылмыш иши токтотулган.

Жоопкерчиликке тартылгандардын арасында 2801 аял, 1814 өспүрүм, 412 чет өлкөлүк жаран бар.

Ошондой эле, кылмыштардын мүнөзү боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр белгиленген:

  • 263 адам кылмышты топтун курамында жасаган;
  • 399 адам мас абалда болгон;
  • 37 адам баңгизаттын таасири алдында кылмышка барган.

Мындан сырткары, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын ичинен 105 адам мурда да кылмыш жасагандар экени айтылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»