АКИpress - Бишкекте уурулукка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу 7-апрелде милиция билдирди.
Шаар тургуну А.Х. Свердлов милициясына арыз менен кайрылып, 27-мартта Сүйүмбаев көчөсүндөгү «Гурман» кафесинен анын чөнтөгүнөн 450 миң сом акча уурдап кетишкендигин билдирген.
Тергөө учурунда мурда бир нече жолу соттолгон жана чөнтөкчү катары каттодо турган А.О. аттуу шектүү кармалды.
Ал милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда анын кеминде үч ушундай кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды. Тергөө уланууда.