19:04, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (30 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
18:20, 9-апрель, 2026 (22 адам окуп жатат)
Урмат Айтиев аким болуп дайындалды
11:54, 9-апрель, 2026 (9 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат

Төрт миңден ашык мыйзамсыз курулуш аныкталды, - Башкы прокуратура

На русском
14:53, 7-апрель, 2026 331

АКИpress - 2025-жылы прокуратура тарабынан жерди кайтарууга байланыштуу ченемдик актылардын аткарылышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев 7-апрелде Жогорку Кеңештин укук тартиби боюнча комитетинин отурумунда жылдык отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын декабрынан бери 4108 мыйзамсыз курулган объект аныкталып, алардын негизинде 32 кылмыш иши козголгон.

Жерди кайтарууга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн, 2025-жылдын 31-декабрындагы президенттин №457 жарлыгы менен Башкы прокуратурасынын жетекчилиги алдында мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Учурда аталган комиссия тиешелүү иштерди жүргүзүп жаткандыгы кошумчаланды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»