17:14, 8-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (40 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
15:00, 8-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды

Бишкекте коммуналдык кызматтар үчүн кагаз дүмүрчөктөрдөн баш тартып, санариптик форматка өтүшөт

На русском
13:35, 7-апрель, 2026 180

АКИpress - Президенттин администрациясынын тапшырмасын аткаруунун алкагында Бишкек мэриясында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөргө өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешме вице-мэр Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында шаардык коммуналдык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле Энергетика министрлиги, «Газпром-Кыргызстан» ЖЧКсы, «Түндүк» мамлекеттик мекемеси, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жана «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Анда кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг тутумун өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка өтүү маселелери талкууланды.

Учурда Бишкекте бирдиктүү дүмүрчөк колдонулат.

«Жыйынтыгында кагаз түрүндөгү дүмүрчөктөрдөн этап-этабы менен баш тартуу жана коммуналдык кызматтар үчүн санариптик дүмүрчөктөрдү киргизүү чечими кабыл алынды», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»