14:57, 7-апрель, 2026

Эскертүү: Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолуна кар көчкү түшүшү мүмкүн

13:12, 7-апрель, 2026 339

АКИpress - 7-апрелден 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

Бишкек—Ош унаа жолунун:

  • 121-138-чакырымдарында — Төө-Ашуу ашуусу;
  • 198-255-чакырымдарында — Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун:

  • 326-349-чакырымдарында — Көк-Арт ашуусу;

Каракол—Эңилчек унаа жолунун:

  • 45-90-чакырымдарында — Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Жолдордо жүргөн айдоочулар унаалар арасында 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»