АКИpress - 6-апрелде Ленин райондук соту өзүн өлтүрүүгө жеткирди деп шектелген жаранды камакка алды. Бул тууралуу 7-апрелде Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
1992-жылы туулган А.М.А. 4-июнга чейин №21 тергөө абагына (1-абак) киргизилди.
Кырсык 4-апрелде Жал кичи районунда болгон. Саат 17:10 чамасында 6-кабаттын терезесинен 1999-жылы туулган Э.А. жана анын эки баласы кулап кеткен. Келин каза болуп, 2025-жылы туулган К.А. жеринде жан берген, ал эми 2021-жылы туулган Ж.А. ооруканада.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталып, маркумдун күйөөсү кармалган.