14:57, 7-апрель, 2026

«Ата-Бейитте» 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондор эскерилди

На русском
10:52, 7-апрель, 2026 170

АКИpress - Бүгүн, 7-апрелде мамлекеттик катчы Арслан Койчиев 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу Президенттин администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын баатырларынын урматына арналган «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»