17:19, 7-апрель, 2026

Бишкекте Толстой жана Үмөталиев көчөлөрүндө акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар уюштурулат

На русском
10:21, 7-апрель, 2026 155

АКИpress - Бишкектин Ленин районунда акимдин төрагалыгы алдында акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү.

Акимчиликтен билдиришкендей, унаа тыгынын жана райондун инфраструктурасын эске алуу менен унаа токтотуучу аймактардын учурдагы шарттары каралды.

Жыйынтыгында Лев Толстой жана Үмөталиев көчөлөрүндө акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди. Акысы саатына 25-30 сом болору пландалууда.

Пландалган тилкелер:

  • Лев Толстой көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Леваневский көчөсүнө чейинки  тилкеси,
  • Үмөталиев көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки тилкеси.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»