АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатын ийгиликтүү баштады.
Үчүнчү дивизиондогу В тайпасындагы командалардын арасындагы турнир 6-апрелде Болгариянын София шаарында башталды.
Биринчи турда кыргызстандыктар үй ээлерине каршы ойноп, 5:3 эсебинде жеңишке жетти. Мамед Сейфулов эки гол киргизди. Дмитрий Попов, Александр Титов жана Абдумалик Сапитов бирден гол жаратышты.
Кыргызстан курама командасы 3 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда алдыга чыкты.
7-апрелде экинчи турдук беттеште Кыргызстан курамасы Кытай Тайбэйи менен ойнойт.