17:05, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:37, 7-апрель, 2026 (14 адам окуп жатат)
Эрк Орозбаев Таш-Көмүрдүн мэри болду
15:33, 7-апрель, 2026 (14 адам окуп жатат)
Аламүдүн районундагы судья кармалды

«Күмүш булак» жана «Таш-Дөбө-Форель» эс алуу жайлары жазаланды

На русском
08:46, 7-апрель, 2026 245

АКИpress - Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Чүй аймактык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилерин пландан тышкары текшерди.

Текшерүү шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын жана долбоордук-уруксат берүүчү документтердин бар-жогун аныктоого багытталды.

Анын жыйынтыгында «Күмүш булак» эс алуу жайы жана «Таш-Дөбө-Форель» коомдук тамактануу жайы тиешелүү уруксат документтери жок пайдаланууга берилгени аныкталды.

Мыйзам бузуулар боюнча 200 000 сом айып салынды. Талаптар толук аткарылганга чейин объектилердин ишмердүүлүгү токтотулду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»