10:53, 7-апрель, 2026

“Күмүш булак” жана “Таш-Дөбө-Форель” эс алуу жайлары жазаланды

На русском
08:46, 7-апрель, 2026 198

АКИpress - Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Чүй аймактык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилерин пландан тышкары текшерди.

Текшерүү шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын жана долбоордук-уруксат берүүчү документтердин бар-жогун аныктоого багытталды.

Анын жыйынтыгында “Күмүш булак” эс алуу жайы жана “Таш-Дөбө-Форель” коомдук тамактануу жайы тиешелүү уруксат документтери жок пайдаланууга берилгени аныкталды.

Мыйзам бузуулар боюнча 200 000 сом айып салынды. Талаптар толук аткарылганга чейин объектилердин ишмердүүлүгү токтотулду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»