02:37, 7-апрель, 2026

Бишкекте Санжар Нурланов изделип жатат

На русском
22:23, 6-апрель, 2026 349

АКИpress - Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 6-апрелде билдиргендей, 2009-жылы туулган Нурланов Санжар Сапарович изделүүдө.

Өспүрүм 4-апрелде дайынсыз жоголгон. Болжол менен кечки саат алтыда Шабдан баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Апасы 6-апрелде гана милицияга арыз менен кайрылган.

Белгилери: бою 165-170 см, чачы кара жана кыска.

Кийген кийими: кочкул көк түстөгү футболка, боз шым, ак бут кийим.

Милиция өспүрүмдү көргөндөрдү же анын кайда жүргөндүгүн билген жарандарды +996 (500) 100-796 жана 102 номурларына чалуу аркылуу билдирүүгө чакырат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»