01:38, 7-апрель, 2026

Эмгек өргүү качан жана канча күнгө берилет? Министрликтин жообу

На русском
18:29, 6-апрель, 2026 1184

АКИpress - Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлерге 1 жыл үчүн 28 календардык күндүк акы төлөнүүчү өргүү берилет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, кызматкер бир эле жерде тынымсыз 11 ай иштегенден кийин ага эмгек өргүү алуу укугу берилет.

Өргүү календардык жыл башталаардан 2 жума мурда жумуш берүүчү менен кызматкердин макулдашуусунан кийин бекитилген өргүү графигине ылайык аныкталат. Өргүү графиги жумуш берүүчүгө да, кызматкерге да милдеттүү.

Мындан тышкары, Эмгек кодексине ылайык, кызматкер менен жумуш берүүчүнүн макулдашуусу боюнча жылдык акы төлөнүүчү өргүү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Мында бир бөлүгү кеминде 14 календардык күндү түзүшү керек.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»