23:43, 6-апрель, 2026

Кызмат абалынан пайдаланууга шектелген УКМКнын кызматкери ишинен четтетилди

На русском
18:15, 6-апрель, 2026 1001

АКИpress - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкери тергөө иштери жүрүп жатканда кызматынан убактылуу четтетилгенин 6-апрелде мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин А.Ө. аттуу тургуну социалдык тармактары баракчасы аркылуу УКМКнын Б.Р. аттуу кызматкерине карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал аны үй-бүлөсүнө кысым көрсөттү деп айыптаган.

«Аталган кызматкердин айтылган фактыларга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тийиштүү текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча, УКМКнын жетекчилиги тарабынан Б.Р. тергөө өткөрүлүп жаткан мезгилге – аскер прокуратурасы тарабынан бардык жагдайлар толук аныкталып, укуктук баа берилмейинче – кызмат ордунан четтетүү чечими кабыл алынды», - деп айтылат маалыматта.

12-мартта Б.Р. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип, Аскер прокуратурасы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

14-мартта Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»