21:11, 6-апрель, 2026

Ош шаарынын бюджети текшерилип, 2 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталды

На русском
17:29, 6-апрель, 2026 555

АКИpress - Эсептөө палатасы 2024-жылы Ош шаарынын бюджети кандай түзүлүп, кандай сарпталганын жана муниципалдык ишканалардын ишин текшерди.

Аудит Ош мэриясын, шаардык кеңешти, каржы башкармалыгын жана аларга караштуу мекемелерди камтыды. Текшерүүнүн жыйынтыгында 2 млрд 168,8 млн сом өлчөмүндө каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Анын 370,95 млн сому бюджеттик мыйзам бузууларга, ал эми 1 млрд 797,8 млн сому бухгалтердик эсептеги кемчиликтерге байланыштуу болгон.

Жалпы сумманын ичинен 2 млрд 20,9 млн сомду калыбына келтирүү керектиги аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө 1 млрд 739,7 млн сом кайтарылды. Ал эми 281,2 млн сом калыбына келтириле элек.

Мындан тышкары, 58,4 млн сомдук мыйзам бузуулар боюнча 23 материал укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Алар Ош мэриясына, муниципалдык менчик башкармалыгына, Жибек Жолу аймактык башкармалыгына, жол ишканасына, көрктөндүрүү ишканасына, борбордук базардын дирекциясына жана «Ош автовокзал» ишканасына тиешелүү.

Эң көп материал шаардык жол ишканасы боюнча жөнөтүлгөн — 20,1 млн сом. Ош мэриясы боюнча — 9,8 млн сом, Жибек Жолу боюнча — 8,6 млн сом, муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча — 5,1 млн сом.

Аудиттин жыйынтыгында Ош шаарынын мэрине жана башка жетекчилерге көрсөтмөлөр жөнөтүлдү. Отчет шаардык кеңешке да берилди.

Мындан тышкары, аудиттин маалыматына ылайык, муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталды. Анткени алардын айынан бюджет 836,3 миң сом жоготкон. Ошондой эле айрым материалдар кошумча текшерүү үчүн Салык кызматына жиберилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»