04:01, 7-апрель, 2026

Гүлжигит Алыкулов Беларуста кооз гол киргизди. Видео

На русском
16:48, 6-апрель, 2026 1574

АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Беларус чемпионатында катары менен экинчи беттеште гол киргизди.

Жогорку лиганын экинчи турунда кыргызстандык оюнчунун «Динамо» (Минск) командасы өз үйүндө «Белшинаны» кабыл алып, 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Алыкулов 63-мүнөттө талаага чыгып, 13 мүнөттөн кийин кооз гол киргизди.

Кыргызстандык оюнчу үчүн бул гол жаңы сезондогу экинчи голу. Биринчи турда Алыкулов «Славиянын» дарбазасына гол киргизген (2:1).

Алыкулов марттын аягында Түркияда өткөн Кыргызстандын курама командасынын окуу-машыгуусуна чакырылган. Бирок Кыргыз футбол биримдиги оюнчу жаракат алганын жана машыгууга катыша албай турганын билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»