02:26, 7-апрель, 2026

Бишкекте 20дан ашык унаа алдамчылыгына шектүү кармалды

На русском
16:38, 6-апрель, 2026 567

АКИpress - Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

5-апрелде борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, жалпы баасы 58 миң долларды түзгөн «КИА К8», «КИА Карнивал» жана «КИА Соренто» үлгүсүндөгү унааларын сатуу үчүн берген. Бирок арыз ээсин алдап кетишкен.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынып, шектүү катары 2000-жылы туулган С.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштеринин алкагында кармалган жарандын ушул сыяктуу 20дан ашык кылмышка катыштыгы бар болушу мүмкүн экени аныкталды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»