АКИpress - 6-апрелде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директору болуп Талант Рыскулбек уулу дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка курулуш министри Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Бактыяр Станбеков тааныштырды.