02:37, 7-апрель, 2026

Талант Рыскулбек уулу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директору болуп дайындалды

На русском
16:00, 6-апрель, 2026 318

АКИpress - 6-апрелде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директору болуп Талант Рыскулбек уулу дайындалды. 

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатка курулуш министри Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Бактыяр Станбеков тааныштырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»