АКИpress - Кыргызстандык спортчу Зафарбек Камилов Түркияда өткөн эл аралык бокс мелдешинде күмүш медалга ээ болду.
«Ahmet Cömert» мелдеши 5-апрелде Стамбулда жыйынтыкталды.
Камилов 55 кг чейинки салмак категориясында чыгып, 1/4 финалдан баштады. Ал эки түрк спортчусун жеңип, финалга чыккан. Бирок колундагы жаракатынан улам финалдык беттешке чыга алган жок. Ошондуктан 2-орунду ээлеп, күмүш медалга татыды.
Беттештер:
55 кг чейин
1/4 финал
Зафарбек Камилов - Баран Киркгёзлер (Түркия) — 5:0 (29-28, 29-28, 30-27, 29-28, 30-27)
1/2 финал
Нихат Адиан (Түркия) - Зафарбек Камилов — 0:3 (27-29, 27-29, 28-28, 27-29, 28-28)
Финал
Семих Гумуш (Түркия) - Зафарбек Камилов