01:40, 7-апрель, 2026

Кыргызстандык боксчу финалдык беттешке чыга албай, күмүш тагынды

На русском
16:00, 6-апрель, 2026 341

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Зафарбек Камилов Түркияда өткөн эл аралык бокс мелдешинде күмүш медалга ээ болду.

«Ahmet Cömert» мелдеши 5-апрелде Стамбулда жыйынтыкталды.

Камилов 55 кг чейинки салмак категориясында чыгып, 1/4 финалдан баштады. Ал эки түрк спортчусун жеңип, финалга чыккан. Бирок колундагы жаракатынан улам финалдык беттешке чыга алган жок. Ошондуктан 2-орунду ээлеп, күмүш медалга татыды.

Беттештер:

55 кг чейин

1/4 финал

Зафарбек Камилов - Баран Киркгёзлер (Түркия) — 5:0 (29-28, 29-28, 30-27, 29-28, 30-27)

1/2 финал

Нихат Адиан (Түркия) - Зафарбек Камилов — 0:3 (27-29, 27-29, 28-28, 27-29, 28-28)

Финал

Семих Гумуш (Түркия) - Зафарбек Камилов 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»