АКИpress - «Керемет Банкта» директорлор кеңешинин курамы жаңыланды, деп билдирет Кыргыз фонд биржасы.
30-мартта өткөн акционерлердин кезексиз чогулушунун чечими менен 4 жылдык мөөнөткө директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр шайланышты:
- Исраилов Бакытбек Расулович,
- Калиева Арайлым Назаровна,
- Боронбаева Гүлнара Сатаровна.
Мындан тышкары 31-мартта «Керемет Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп Муратбеков Жеңишбек Алимбекович шайланды.