03:17, 7-апрель, 2026

Баткенде чек арачы унаадан кулап, учурда оор абалда

На русском
15:48, 6-апрель, 2026 622

АКИpress - Баткендин Лейлек районунда чек арачы катышкан жол кырсык катталды.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 4-апрелде саат 08:30 чамасында Лейлек чек ара отрядынын «Ак-Суу» заставасынын аскер кызматкерлеринин тобу «Кайрагач» заставасындагы кызмат өтөөчү жерине бара жатышкан. «УАЗ-Пикап» үлгүсүндөгү кызматтык унаа Ак-Суу—Раззаков трассасында бара жатканда кузовдон 2004-жылы туулган катардагы жоокер Н.Д.Н. (2025-жылдын күзүндө аскерге чакырылган) кулап кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча, жоокер тоолуу жолдо транспорттун катуу силкинүүсүнөн улам жыгылып кетип, эсин жоготкон. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жабырлануучу Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ошол эле күнү Оштон келген адистештирилген дарыгерлер  ага шашылыш операция жасашкан. Учурда аскердин абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Чек ара кызматы зарыл болгон учурда аны Бишкекке жеткирүүгө ресурстар бар экенин, бирок медициналык көрсөткүчтөрдөн улам мүмкүн болбой жатканын белгиледи.

Ооруканага андан ары дарылоо жана консультация берүү үчүн нейрохирург жөнөтүлүп, жабырлануучунун абалына күнү-түнү көзөмөл уюштурулган.

Окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»