АКИpress - Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Азиянын 2025-жылдагы мыкты устаты деп таанылды.
5-апрелде Бишкекте «UWW Asia'нын» жыйыны өттү. Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча 2025-жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылды.
2025-жылы Кыргызстандын балбан кыздары 39 медаль — 8 алтын, 10 күмүш жана 21 коло утушкан.