АКИpress - Новопавловка айылында акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды деп, Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан 294 даана белгиленген тартипте маркаланбаган, түрдүү идиштердеги мотор майы табылды. Алынган продукциянын жалпы көлөмү 10,8 миң литрди түздү, ал эми баасы 3 млн сомго барабар.
Бул факт боюнча процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.