АКИpress - Ирандагы согуштук аракеттер учурунда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) чалгындоо башкармалыгынын башчысы Мажид Хадеми каза болду. Бул тууралуу ИРСК билдирди.
Мажид Хадеми чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп 2025-жылдын июнь айында дайындалган. Мурдагы жетекчи — Мохаммад Каземи Израилдин соккуларынан улам каза болгон.
ИРСКнын билдирүүсүндө Мажид Хадеми 50 жылга жакын убакыттан бери мамлекеттик кызматта иштеп келгени белгиленет.