17:26, 6-апрель, 2026

«Хизб ут-Тахрирдин» Кара-Көлдөгү лидери кармалды

На русском
13:34, 6-апрель, 2026 231

АКИpress - 4-апрелде Бишкек шаарындагы «Ош» базарда «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун Кара-Көл шаарындагы ячейкасынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда КР жараны — 1987-жылы туулган Б.А.Т. Кыргызстанда халифат түзүүгө чакырган.

«Б.А.Т. узак убакыт боюу Кара-Көл шаарында «мушриф» (шаардык/райондук ячейканын лидери) статусун ээлеп келген, калк арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, адабияттарды таратуу, жаңы жактоочуларды тартуу менен активдүү алектенген, ошондой эле экстремисттик иш-чараларды каржылоо максатында жөнөкөй мүчөлөрдөн каражат чогултууну уюштурган.

Б.А.Т. "мушриф" макамына ээ экенин мойнуна алган. Натыйжада ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», - деп айтылат маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»