АКИpress - Министрлер Кабинетинин буйругу менен «Кыргызалтынга» Талас районундагы Андаш кенинин №1 рудалуу тилкесинде алтын жана жез иштетүү укугу берилди.
Жердин аянты 400 гектарды түзөт.
«Кыргызалтынга» өздөштүрүүнү баштоодон мурда «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоону камсыздоо сунушталды.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.