АКИpress - Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды.
Турнирдин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 5 алтын медаль ойнотулат.
55 кг салмак категориясындагы чейрек финалдык беттеште дүйнөлүк рейтингдин жетинчи номуру — өзбекстандык Ихтиер Ботиров жана ирандык Мохаммад Панахисани кез келишти.
Ушул жылдын февраль айында спортчулар Хорватияда өткөн рейтингдик турнирдин финалында күрөшкөн. Анда ирандык 2:0 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болгон.
Бишкекте Ботиров эки мүнөткө жетпеген убакытта 10:0 эсебинде жеңүүчү аталды.
Утулгандан кийин ирандык спортчу ыйлап, килемден турбай жатты.
Ботиров жарым финалга чыкты, ал эми кыргызстандык Улан Муратбек уулу менен күрөшөт.