06:56, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
22:23, 6-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Бишкекте Санжар Нурланов изделип жатат
06:36, 7-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
2010-жылдын 7-апрели сүрөттөрдө

Бишкектеги Азия чемпионатында Асан Жанышов жарым финалга чыкты

На русском
13:14, 6-апрель, 2026 229

АКИpress - Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды.

Ал 87 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.

Жанышов мелдешти 1/4 финалдык баскычтан баштап, Түркмөнстандан келген балбанды 30 секунддун ичинде жеңди. Эми жарым финалда анын атаандашы Казакстандын өкүлү болот.

Буга чейин жарым финалга Улан Муратбек уулу, Афтандил Таалайбеков жана Акжол Махмудов чыгышкан. Жарым финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Беттештер:

1/4 финал: Асан Жанышов — Довлетмурат Байрамов (Түркмөнстан) — 10:0

Жарым финал: Асан Жанышов — Нурсултан Турсынов (Казакстан)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»