06:55, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
22:23, 6-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Бишкекте Санжар Нурланов изделип жатат
06:36, 7-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
2010-жылдын 7-апрели сүрөттөрдө

ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Билал Эрдоган менен жолукту

На русском
12:43, 6-апрель, 2026 587

АКИpress - 4-5-апрелде Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Анталья шаарында өткөн этноспорт боюнча 8-форумдун алкагында Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Нежмеддин Билал Эрдоган менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар салттуу спорттун түрлөрүн жана маданий мурастарды жайылтуу, ошондой эле келечек муундар үчүн түрк элдеринин түпкү баалуулуктарын жана өзгөчөлүгүн сактоонун маанилүүлүгү тууралуу пикир алмашышты.

Алар ошондой эле ТМУ менен Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектүү багыттарын, атап айтканда, салттуу спорттун түрлөрүн эл аралык деңгээлде жайылтуу жана бул процесске түрк дүйнөсүнүн жаштарынын катышуусун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын сактоого жана жайылтууга мындан ары да көмөктөшүү максатында өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»