03:18, 7-апрель, 2026

Акжол Махмудов Бишкектеги Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

На русском
12:42, 6-апрель, 2026 321

АКИpress - Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Акжол Махмудов жарым финалга чыкты.

Кыргызстандык балбан 77 кг чейинки салмак категориясында катышып, мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштаган.

Махмудов алгач Жапониядан келген спортчуну жеңип, андан соң Казакстандын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда утту. Эми жарым финалда Өзбекстандын балбаны менен күрөшөт. Жарым финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Беттештер:

1/8 финал: Акжол Махмудов — Исами Хорикита (Жапония) — 7:3

1/4 финал: Акжол Махмудов — Кахраман Киссыметов (Казакстан) — 9:1

Жарым финал: Акжол Махмудов — Дониёрхон Накибов (Өзбекстан)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»