00:43, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:50, 6-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
Казакстанда «Шөптүкөл» дамбасы жарылды
08:06, 6-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
Видео: Жумгалдагы катуу сел жолду жууп кетти

Акжол Махмудов Азия чемпионатын жеңиш менен баштады

11:49, 6-апрель, 2026 302

АКИpress - 6-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Акжол Махмудов биринчи беттешин жеңиш менен аяктады.

Махмудов 77 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда. Ал мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда Жапониянын 2023-жылкы чемпиону, 23 жаштагы Исами Хорикита менен кез келди.

Махмудов атаандашын 7:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Эми кыргызстандык балбандын кийинки атаандашы казакстандык Кахарман Киссыметов болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»