АКИpress - 6-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Акжол Махмудов биринчи беттешин жеңиш менен аяктады.
Махмудов 77 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда. Ал мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда Жапониянын 2023-жылкы чемпиону, 23 жаштагы Исами Хорикита менен кез келди.
Махмудов атаандашын 7:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Эми кыргызстандык балбандын кийинки атаандашы казакстандык Кахарман Киссыметов болот.