21:15, 6-апрель, 2026

Кыргызстанда 11 млн кубометр уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча иштер жүрүп жатат, - ӨКМ

На русском
11:02, 6-апрель, 2026 308

АКИpress - Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат.

«Совет мезгилинен калган калдык сактоочу жайлар жана уран өндүрүүдөн калган калдыктар көп жылдар бою айлана-чөйрө жана калктын саламаттыгы үчүн олуттуу коркунуч жараткан. Акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык уюмдардын колдоосу менен рекультивациялоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат, аларды координациялоо милдети ӨКМге жүктөлгөн», - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө министрликтин карамагында 33 калдык сактоочу жай жана 27 тоо-кен калдыктарын сактоочу жайды камтыган 60 радиоактивдүү жана уулуу объект бар. Калдыктардын жалпы көлөмү болжол менен 11 миллион кубометрди түзөт.

Алардын олуттуу бөлүгү Майлуу-Суу шаарында, ошондой эле Чаткал, Жумгал, Тоң, Кадамжай жана Ноокен райондорунун калктуу конуштарында жайгашкан:

  • Майлуу-Суу – 23 калдык сактоочу жай жана 13 тоо-кен калдыктарын сактоочу жай
  • Шекафтар айылы – 8 тоо-кен калдыктарын сактоочу жай
  • Сумсар айылы – 3 калдык сактоочу жай
  • Кызыл-Жар айылы – 1 тоо-кен калдыктарын сактоочу жай
  • Миң-Куш айылы – 4 калдык сактоочу жай жана 4 тоо-кен калдыктарын сактоочу жай
  • Кажы-Сай айылы – 1 калдык сактоочу жай
  • Кан айылы – 3 калдык сактоочу жай
  • Кара-Таш айылы – 1 тоо-кен калдыктарын сактоочу жай (Төө-Моюн)

2010-жылы ӨКМнын алдында Калдык сактоо объектилери менен иштөө департаменти түзүлгөн. Департамент директорунун орун басары Кылычбек Апиевдин айтымында, мониторинг ыкмаларын модернизациялоо жүрүп жатат.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн радиациялык фондун, топурактын, жер астындагы жана жер үстүндөгү суулардын абалына мониторинг жүргүзүлөт. 

Иш процессинде беларус жана америкалык өндүрүштөгү дозиметрлер жана радиометрлер, ошондой эле GPS-түзүлүштөр сыяктуу заманбап аспаптар колдонулат. Радон сыяктуу радиоактивдүү газдарды аныктоого өзгөчө көңүл бурулат.

Гидрогеолог Гүлмира Молдогазиева Кажы-Сайда жер алдындагы суулардын булгангандыгы катталганын, бирок рекультивациядан кийин кырдаал бир кыйла жакшырганын белгиледи.

ӨКМ билдиргендей, иштер башталганга чейин калк менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, анткени долбоорлор радиация маселелерине байланыштуу жана жергиликтүү тургундарда тынчсызданууну жаратышы мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»