19:05, 6-апрель, 2026

Казакстанда «Шөптүкөл» дамбасы жарылды

На русском
09:50, 6-апрель, 2026 1257

АКИpress - Казакстандын Акмоло облусунун Коргалжын районунда «Шөптүкөл» (Чөптүү көл) дамбасы жарылганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дамбанын жарылуусунун кесепеттерин жоюуга ӨКМ, полиция жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери — жалпы 170ке жакын курам жана 43 бирдик техника тартылган.

Адистер дамбаны бекемдөө, инерттик материалдарды төшөө жана сууну чыгаруу иштерин башташты.

  • Сабынды айылы Казакстандын Акмоло облусунда, өлкөнүн борбору Астанадан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калктуу конушта миңден ашык адам жашайт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»