АКИpress - Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу Түркияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду.
«Ahmet Cömert» атындагы 34-мелдеш 30-марттан 5-апрелге чейин Стамбул шаарында өттү. 5-апрелде финалдык беттештер болду.
Сейитбек уулу 1/8 финалдан баштап, катары менен төрт жеңишке ээ болуп, 1-орунду ээледи. Анын беттештери:
60 кг чейин
1/8 финал
Тилав Супонов (Өзбекстан) - Мунарбек Сейитбек уулу — 0:5 (27-30, 27-30, 26-30, 27-30, 27-30)
1/4 финал
Мунарбек Сейитбек уулу - Дарси О'Мэлли (Австралия) — 4:1 (29-28, 30-27, 30-27, 28-29, 30-27)
Жарым финал
Денис Брил (Германия) - Мунарбек Сейитбек уулу — 0:5 (27-30, 28-29, 28-29, 28-29, 27-20)
Финал
Иван Завадский (Украина) - Мунарбек Сейитбек уулу — 0:5 (28-29, 28-29, 28-29, 28-29, 28-29)