14:12, 6-апрель, 2026

Чек арадан баасы 12 млн сомдук товар өлкөгө киргизилген жок

На русском
09:38, 6-апрель, 2026 250

АКИpress - Өлкө аймагына ири көлөмдөгү дары-дармектер жана эл керектөөчү түрдүү товар мыйзамсыз киргизилгени жаткан. Бул аракетке бөгөт коюлду, деп маалымдады Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда тийиштүү коштомо документтери жок алып келинген медициналык каражаттар, ошондой эле түрдүү азык-түлүк азыктары табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эсеби жок товарлардын жалпы наркы 12 млн сомдон ашык.

Учурда бул факт боюнча материалдар эсеби жок товарды конфискациялоо маселесин кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»