АКИpress - Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун олимпиадалык бассейнинин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, сатып алуу ыкмасы — квалификациялык талаптарды эске алуу менен котировкаларды суроо.
Болжолдуу сумма 15 млн 725 миң 646 сомду түзөт.
Арыздар 7-апрель, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.