17:14, 6-апрель, 2026

Террордук уюмдар менен байланышы бар делген адам кармалды

На русском
09:15, 6-апрель, 2026 296

АКИpress - УКМК эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелген адамды кармады.

Тактап айтканда 1-апрелде Ю.В. аттуу жаран кармалды.

«Ал террордук уюмдардын идеологиясын жана Борбор Азияда халифат түзүү идеяларын колдойт. Эмгек миграциясында жүргөндө эл аралык террордук уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылган.

Мындан тышкары Ю.В. согуш жүрүп жаткан мамлекетке чыгып кетүүнү жана мурда КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган эл аралык террордук уюмдун башчысына кошулууну пландаган.

Учурда тергөө иш-чаралары уланууда», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»