17:14, 6-апрель, 2026

Бишкекте «Пахта» лакап аттуу Мурат Рамонов кайра кармалды

На русском
08:44, 6-апрель, 2026 1351

АКИpress - Грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери Мурат Рамонов кармалганын 5-апрелде Бишкек милициясы билдирди. 

3-апрель күнү саат 16:15 чамасында Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинен милиция кызматкерлери «Лисян» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок айдоочу документтерин көрсөтүүдөн жана унаадан чыгуудан баш тартып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Милиция кызматкерлери кууп, жакынкы көп кабаттуу үйдүн короосунан айдоочуну кармашкан. Ал короого кирип, дарбазаны жабууга аракет кылган. Инспекторлор короого кирип келгенде айдоочу талаптарды четке каккан.

Тартип бузган жаран кармалып, ал 36 жаштагы Рамонов болуп чыкты. Аны наркологияга жеткиришкен жана текшерүүдө анын баңгизат колдонгону аныкталган. 

Рамоновго майда бейбаштык беренеси боюнча протокол түзүлдү. Соттун чечиминен кийин үч күнгө камалды.

Ошондой эл сатуу максатысыз баңги каражаттарын, психотроптук зат жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо боюнча кылмыш иши козголду. Үйүн тинтүү учурунда күрөң-жашыл түстөгү зат бар ширеңке кутусу табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат гашиш экени аныкталган. 

Рамонов буга чейин да кармалган.

2023-жылдын 30-октябрында УКМК кызматкерлери Рамоновду кармашкан. Ал Камчы Көлбаевдин кылмыш жолу менен алынган активдерин адалдоо максатында өз атына каттатып, андан соң айрым саясатчыларга өткөрүп берген деп шектелген.

2024-жылдын 10-январында үй камакка чыккан, ал эми 2024-жылдын 2-августунда кылмыш иши жабылган.

Анын ысымы 2026-жылы кайрадан тараган. 14-февралда социалдык тармакта спортчу, ишкер, УКМК кызматкерлери, майда чиновник, милиция кызматкерлери жана башка адамдардын сүрөттөрү бар видео тараган. Видеонун авторлору аларды мурдагы УКМК кызматкери Элдар Жакыпбековдун 40 чоросу деп аташкан. Алардын арасында Рамонов да болгон, ага видеодо «Пахта» деген лакап ат берилген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»