22:12, 5-апрель, 2026

Жалдагы үйдүн 6-кабатынан кулаган 4 жаштагы кыздын абалы кандай?

На русском
18:34, 5-апрель, 2026 1165

АКИpress - Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы үйдүн 6-кабатынан кулаган наристенин абалы өтө оор, деп билдирди 5-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Министр  Дамир Осмонов учурда бейтап дарыланып жаткан шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына барып, анын абалы менен таанышып, дарыгерлердин жыйынына катышты.

Медициналык адистердин айтымында, бейтап кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Анын баш мээси чайкалган, жаагы жана оң далысы сынып, өпкөсү жана ички органдары, ошондой эле ооз көңдөйүнөн жаракат алган.

Нейрохирург, травматолог, жаак-бет жана өпкө хирург дарыгерлеринин катышуусунда консилиум өтүп, мындан аркы дарылоо тактикасы аныкталды.

Кырсык 4-апрель күнү болжол менен саат 17:00 чамасында болгон. Жал кичи районундагы батирдин 6-кабатынан 1999-жылы туулган келин  эки наристесин көтөргөн бойдон кулаган.

Оор жаракат алган келин ошол жерде каза болду. Анын 2025-жылы туулган наристеси ооруканада көз жумду. 2021-жылы туулган кызы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары маркум келиндин күйөөсү кармалган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»