АКИpress - Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан мурдагы «Кызыл-Ордо» курулуш базарынын ордунда жаңы объектинин курулушуна даярдык иштери жүрүп жатат. Жумушчулардын айтымында, жакынкы арада пайдубал куюу иштери башталат.
1-февралда базар сатып алуучулар үчүн жабылган. Соода түйүндөрүнүн ээлеринин биринин айтымында, ишкерлерге демонтаж болору тууралуу 2025-жылдын декабрь айында эскертилген. Базар жабылгандан кийин соодагерлер башка курулуш базарларына, анын ичинде Матросов көчөсүнө көчүп кетишкен.
«Кызыл-Ордо» ЖЧКнын директору Камчыбек Есенкуловдун маалыматы боюнча, базардын ордуна 150 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар эки кабаттуу имарат куруу пландалууда.