05:55, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:45, 6-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Дагестанды бул жазда экинчи ирет сел каптады
22:23, 6-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Бишкекте Санжар Нурланов изделип жатат

Бишкектин Кулатов көчөсүндөгү курулуш базары толугу менен бузулду

На русском
16:24, 5-апрель, 2026 9637

АКИpress - Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан мурдагы «Кызыл-Ордо» курулуш базарынын ордунда жаңы объектинин курулушуна даярдык иштери жүрүп жатат. Жумушчулардын айтымында, жакынкы арада пайдубал куюу иштери башталат.

1-февралда базар сатып алуучулар үчүн жабылган. Соода түйүндөрүнүн ээлеринин биринин айтымында, ишкерлерге демонтаж болору тууралуу 2025-жылдын декабрь айында эскертилген. Базар жабылгандан кийин соодагерлер башка курулуш базарларына, анын ичинде Матросов көчөсүнө көчүп кетишкен.

«Кызыл-Ордо» ЖЧКнын директору Камчыбек Есенкуловдун маалыматы боюнча, базардын ордуна 150 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар эки кабаттуу имарат куруу пландалууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»