03:30, 7-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:06, 6-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Видео: Жумгалдагы катуу сел жолду жууп кетти
11:39, 6-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Кабарчыларды жумушка чакырабыз
22:23, 6-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Бишкекте Санжар Нурланов изделип жатат

Мамлекеттик салык кызматы 12 млн сомдук мыйзамсыз товар тапты

На русском
12:50, 5-апрель, 2026 561

АКИpress - Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейд учурунда өлкө аймагына дары-дармектерди жана керектөөчү ар кандай товарларды ири көлөмдө мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок ташылып кирген медициналык каражаттар, ошондой эле ар кандай азык-түлүктөр табылган. Эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 12 миллион сомдон ашат.

Учурда бул факт боюнча материалдар эсепке алынбаган товарларды конфискациялоо маселесин кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»