23:09, 5-апрель, 2026

Мамлекеттик салык кызматы 12 млн сомдук мыйзамсыз товар тапты

На русском
12:50, 5-апрель, 2026 398

АКИpress - Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейд учурунда өлкө аймагына дары-дармектерди жана керектөөчү ар кандай товарларды ири көлөмдө мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок ташылып кирген медициналык каражаттар, ошондой эле ар кандай азык-түлүктөр табылган. Эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 12 миллион сомдон ашат.

Учурда бул факт боюнча материалдар эсепке алынбаган товарларды конфискациялоо маселесин кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»