АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 6-апрелде Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түнкүсүн +8...+13
күндүз +20...+25
Суусамыр өрөөнү
түнкүсүн -3...+2
күндүз +1...+6
Талас өрөөнү
түнкүсүн +5...+10
күндүз +19...+24
Баткен облусунун дыйканчылык аймактары
түнкүсүн +7...+12
күндүз +21...+26
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрү
түнкүсүн +7...+12
күндүз +21...+26
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактары
түнкүсүн +3...+8
күндүз +18...+23
Нарын облусунун дыйканчылык аймактары
түнкүсүн +3...+8
күндүз +18...+23
Бийик тоолуу райондор
түнкүсүн -1...-6
күндүз +3...+8
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12°, күндүз +22...+24 градус болот.