АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-апрелде Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолордо кар жаашы мүмкүн.
Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын күндүзгү температурасы:
Бишкек шаарында +19...+21
Чүй облусунда +18...+23°
Талас облусунда +14...+19°
Баткен облусунда +16...+21°
Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21°
Ысык-Көл облусунда +18...+23°
Нарын облусунда +17...+22°
Бийик тоолуу райондордо +3...+8°